КАЛГАРИ
КА́ЛГАРИ – Канаданын түш.-батышындагы шаар. Альберта провинциясында. Аскалуу тоолордун этегинде, Боу д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008, шаар айланасы м-н 1,2 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 4-шаар (Торон-

то, Монреал ж-а Ванкуверден кийинки). Эл аралык аэропорту бар. Калкынын 15%и Чыгыш ж-а Түш.-Чыгыш Азиядан келгендер (анын 1/ кытайлар). К. аркылуу трансканада т. ж. ж-а автомобиль магистралы өтөт. 1875-ж. негизделе баштаган. 1884-жылдан шаар. Нефть ажыратуу, хим., тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т (анын алдында Түн. Америка Арктика ИИИ, технол. ин-т), коллеждер ж-а жогорку мектептер, музейлер (а. и. Гленбоу; Канададагы эң ири, сүрөт галереясы, китепкана ж-а архив), планетарий, Кытай маданий борбору бар. Жыл сайын эл аралык кинофестивалдар өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган. Кышкы спорттун дүйнөдөгү эң ири борбору. 1988-ж. 15-кышкы Олимпия оюндары, бейсболдун дүйнөлүк
чемпионаттары (1992, 1996, 2005), музда көркөм
тебүү (1972, 2006), коньки спорту б-ча (1990, 1992, 2006) мелдештер өткөрүлгөн. Шаарда нефть-газ компанияларынын көптөгөн кеңселери ж-а штаб квартиралары, К-ден түн.-чыгышта Королдук палеонтология (динозаврлардын дүйнөдөгү эң ири) музейи жайгашкан.