КАЛДАҢ СЕРЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДАҢ СЕРЕН , Г а л д а н Ц э р э н (моңгол­чо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы (1727–45), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түш.- батыш, батыш, түн.-батыш тарабындагы кыр­гыз, казактарга кол салып [к. Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары], Цин им­периясы м-н мамилеси курчуган. К. С-дин ту­шунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздар­га жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыз­дарды убактылуу багындырып, Ташкент ш-н басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Дор­жу ж-а Сейтен нойондун колу Наманган, Кай­нар, Коконду курчоого алып, Ташкент ш-н кай­ра караткан (1742–45). К. С. өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа- Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745–50) келген. Анын такка ээ болушу м-н Жуңгар хандыгын­дагы саясий-экон. кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз сан­жырасында «он сан ойрот бузулганда» деп ай­тылып калган.


Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Солто­ноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Са­паралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.