КАЛДЫБАЕВ
КАЛДЫБАЕВ Салидин (15. 11. 1958-ж. т., Нарын обл., Жумгал р-ну, Арал айылы) – педагог, педагогика илимд. доктору (2009). КМУнун механика-математика ф-тин бүтүргөн (1980). Респ. эсептөө борборунда инженер-программист (1981–83), КМУда лаборант (1983–87), окутуучу (1987–91), Кыргыз билим берүү ин-тунда бөлүм

башчы (1994–96), КР Улуттук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары (1996–98), НМУда кафедра башчысы (1998), бөлүм башчы (2000–03), декан (2003– 05), Билим берүүнүн сапатын мониторингдөө борборунун директору (2005–06), жаңы маалыматтык технологиялар, экономика ж-а
башкаруу ф-тинин деканы (2006–10), 2010-жылдан НМУнун ректору. 120дан ашуун ил.-методикалык эмгектин (а. и. 16 монография, окуу куралы ж-а окуу-методикалык колдонмолор) автору.