КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛОГИЯ
КАЛДЫКСЫЗ ТЕХНОЛО́ГИЯ – өндүрүш таштандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүнү камсыз кылган технол. процесс. Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары м-н энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, о. эле айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билимди, ыкмаларды ж-а каражаттарды талап кылат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же такыр чыгарбаган зат м-н камсыз кылуучу жалпы эле ө. ж. ж-а а. ч. өндүрүшүнүн экол. стратегиясы болуп саналат. Ө. ж. экологиясына сунуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдүү өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схема түрүндө көрсөтүлгөн. К. т. төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө ж-а айлана-чөйрөнү булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү ж. б.