КАЛДЫК МҮЧӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛДЫК МҮЧӨ – жакындатылган эсептөө формуласындагы туюнтманын так мааниси м-н жакындатылган маанисинин арасындагы айырма. Жакындаштырылган формуланын натыйжалуулугун билүү үчүн К. м-нү чектөө керек.
Мис., 2 ≈ 1,41 жакындаштырылган формулага, төмөнкүдөй так формула 2 ≈ 1,41+R туура келет, мында R санын 1,41 санына жакындаштыруудагы К. м. 0,004 < R < 0,005 экендиги белгилүү. К. м. дайым асимптоталык ажыратууда, интерполяция формуласында, Тейлор формуласында ж. б. кездешет.