КАЛДЫК ТООЛОР – талкалануудан, үбөлөнүүдөн дөбө же моло түрүндө сакталып калган рельефтин көтөрүңкү (арал сымал) формалары.
Үбөлөнүүдөн жана дарыя өрөөндөрүндө суунун айланып агуусунан пайда болгон калдык тоолорго бөлүнөт.