КИШИНИН БУЛЧУҢ СХЕМАСЫ:
Кишинин булчуӊ схемасы: 1 – бет булчуӊдары; 2 – моюндун тери алдындагы булчуӊу; 3 – сала сымал булчуӊ; 4 – көкүрөктүн чоӊ булчуӊу; 5 – билек булчуӊу;
м-н адамдын кан тамырлары, ички органдары (жүрөктөн башка) ж ы л м а Б-дан турат. Адамдын, омурткалуу ж-а кээ бир омурткасыз жаныбарлардын тулку бою м-н жүрөгү т у у р а - а л а Б-дан түзүлөт. Адамдын денесинде 600дөн ашык ар кандай формадагы ж-а түзүлүштөгү Б. бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга ж-а ичкерүүгө, жыйрылууга жөндөмдүү. Туура-ала Б. негизинен скелет Б-ын түзөт. Ал жумуш аткарганда көп энергия бөлүп чыгарат. Энергиянын 30%и мех. кызмат аткарууга жумшалып, 70%и жылуулукка айланат. Ошентип булчуӊ системасы денедеги жылуулук чыгаруучу эӊ күчтүү генератор болуп саналат. Б. өзүнчө тал-тал болгон жипчелерден туруп, бири-бири м-н байламта ткандар аркылуу туташат. Жипчелерди туташтыруучу байламталар ар бир булчуӊдун учунда жайгашып, булчуӊ тарамыштарына айланат. Алардын жардамы м-н сөөктөргө бекийт. Денедеги бардык Б-дын жетишерлик өлчөмдө кан тамырлары ж-а нервдери бар. Ошондуктан аларда зат алмашуу жүрүп, иши тартипке салынып турат. Сырткы көрүнүшү б-ча узун, кыска, жазы, жумуру, тегерек, жалпак ж-а түз болот; аткарган ишине карата жумдургуч, ачтыргыч, бүктүргүч, жаздыргыч, денеге жакындатуучу ж-а денеден алыстатуучу болуп бөлүнөт. Сөөккө бекүүчү учтарынын саны б-ча Б. бир ача, үч ача ж-а төрт ача болот. Ар кандай топтогу Б-дын кызматы ар түрдүү.