КОРОГЛЫ
КОРОГЛЫ Халык (1919, Ашхабад) – адабиятчы, фольклорчу, филология илимдеринин доктору (1971), профессор (1986). Москва мединститутун (1946), М. В. Ломоносов атындагы ММУнун филология факультетинин Чыгыш бөлүмүн (1952) бүтүргөн. Түрк ж-а иран тилдеринде сүйлөгөн элдердин баатырдык эпосторун салыштырма изилдөөдө зор эмгек сиңирген. 1947-жылы иран тили ж-а адабияты боюнча ЖОЖдордо, 1954-жылы ММУнун филология факультетинде Орто Азия, Казакстан элдеринин адабияттары боюнча лекция окуган. 1958–71-жылдарда «Большая Советская Энциклопедия» басмасынын тил ж-а адабият редакциясынын илимий редактору, «Краткая литературная энциклопедия» редакциясынын башчысы, 1971–85-жылдарда СССР ИАнын А. М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун улук илимий кызматкери болуп иштеген. Короглы кыргыз фольклору, анын ичинде «Манас» эпосун изилдеген.
Эмг.: Огузский героический эпос. М., 1976; Взаимосвязи эпоса народов Средней Азии, Ирана и Азербайджана. М., 1983.