КОРОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РОР – Палау Республикасындагы эң ири шаар. Корор аралында жайгашкан. Калкы 10 миң (2024). 1994-жылы шаар статусун алган. Шаар 2006-жыл­дын октябрына чейин өлкөнүн борбору болгон. Эл аралык аэропорту бар. Улуттук музей (анда кызыктуу табигый ж-а этнографиялык экспозициялар коюлган) бар. Балыкчылардын дербиси (жа­рышы; апрелде), Палау көркөм сүрөт искусствосу­нун фестивалы (июлда) өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.