КОРПОРАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРПОРА́ЦИЯ (лат. corporatio – бирикме) – 1) бирикме, союз, коом; 2) кандайдыр бир жалпы максатка жетүү– биргелешкен ишмердикти жүзөгө ашыруу ж-а өз алдынча укук субьектин – юридикалык жакты түзүү үчүн биригишкен жактардын тобу. Корпорация жеке менчик– ошондой эле мамлекеттик да болушу мүмкүн. Жеке менчик корпорацияда акциялардын чоң бөлүгү бир ээлик кылуучуга– үй-бүлөгө же акционерлердин чакан тобуна таандык болот. Корпорация пайдага салык төлөйт; 3) өнүккөн өлкөлөрдө үлүштүк менчикти– юридикалык статусту ж-а жалданып иштөөчү адис башкаруучулардын (менеджерлердин) жогорку эшелонунун колуна башкаруу функциясын топтоону кароочу ишкердикти уюштуруунун кеңири тараган формасы.