КОРПУСКУЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРПУ́СКУЛА (лат. corpusculum – бөлүкчө) – классикалык (кванттык эмес) физикадагы бөлүкчө. Мисалы, корпускула масса ж-а импульска ээ, би­рок аны толкун түрүндө элестетүүгө ж-а толкун узундугу м-н мүнөздөөгө болбойт. Көпчүлүк учур­да корпускуладан келип чыккан корпускулалык, башкача айтканда, бөлүкчөнүн касиеттерине ээ деген сөз колдонулат.