КОРС-ЭТТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРС-ЭТТИ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Ийри-Суу айыл округуна караштуу. Корс-Этти капчыгайында, деңиз деңгээлинен 1260 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 22 км түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 72 км. Калкы 1812 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Негизги мектеп, ки­тепкана, клуб, ФАП бар.