КОРЯК АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЯ́К АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ Россиянын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка жарым аралынын түндүгү м-н ага чектеш жат­кан материктин бөлүгүнөн ж-а Карага аралынан орун алган. Батышын Охота, чыгышын Беринг де­ңиздери чулгайт. Аянты 301,5 миң км2. Калкы 27,9 миң (2003). Административдик-аймактык жактан 4 районго, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы. Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-жылы кабыл алынган Коряк Автономия округунун уставы (негизги мыйзам) м-н аныкталат. Мамлекеттик бий­ликти округдун думасы аткарат.
Калкынын негизин орустар (62%), коряктар (16,4), украиндер (7,2) түзөт, ошондой эле чукча (3,6), ительмендер (3) да жашайт. Орустар правосла­вие, коряктар салт болуп калган динин тутат; протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,9 киши. Шаар калкы 28%.

Табияты аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө калктын жашоосуна жагымсыз. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Суулары балыкка ж-а де­ңиз жаныбарларына бай. Камчатка крабынын запасы уникалдуу промыселдик мааниге ээ. Таш көмүрдүн 2 кени иштетилүүдө. Платина, алтын ж-а күмүш казылып алынат.
Региондук дүң продукциясынын көлөмү 3364,8 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 72%, айыл чарбаныкы 1,1%. Маанилүү өнөр жай тармагы – та­мак-аш (балык кармалып, беленделет; ири иш­каналары: «Корякрыба» ЖАК, Усть-Хайрюзов балык консерва заводу), түстүү металлургия («Ко­рякгеолдобыча»). Айыл чарбага жарактуу жери 26,6 миң га (жер фон­дунун 1%тен азыраагы), анын ичинде 8%и айдоо аян­ты. Жылыткычтарда өстүрүлгөн жашылчачы­лык, ошондой эле аңчылык промысели өнүккөн. Бугу асыралат.
Автомобиль жолунун узундугу 68 км. Пенжина дарыясында кеме жүрөт. Округда жалпы билим берүүчү 29 мекеме, 2 башталгыч ж-а орто окуу жайлары, музей бар. Бий ж-а фольклор ансамбли иштейт.

Ад.: Корякская автономная область// Россия. М., 2004.