КОСМОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОЛО́ГИЯ (космос ж-а ...логия) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү ж-а эволюциясы жөнүндөгү илим. Мейкиндик м-н убакыттын геометриялык түзү­лүшү, Аалам эволюциясы, анын ар кандай объектилеринин (айрыкча галлактикалардын) ж-а алардын топторунун пайда болушу ж-а өсүшү болуп эсептелет. Космология эмпирикалык маалы­маттарды галактикадан тышкаркы астрономия­дан алса, анын теориялык негизи физиканын жалпы закондоруна таянат. Космологияда үлгү ыкмасы ж-а эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ЭЭМ кеңири колдону­лат. Космологиянын корутундулары илимий ж-а философиялык чоң мааниге ээ. Ааламдын түзүлүшү тууралуу көп­төгөн жоромол бар. Алардын негизинде Копер­ник теориясы, башкача айтканда бардык планеталар Күндү айланат ж-а алардын өз ара байланышы тар­тылуу (гравитация) деген. Бирок 20-кылымда гана Ааламды бир жалпы ж-а кеңейүүчү өлчөмдө кароо түшүнүгү орун алган. Азыркы космологияда ысык Аалам үлгүсү кеңири тараган. Бул үлгү боюнча Аалам кеңейе баштаган баштапкы мезгилде зат ж-а нурлануу өтө жогорку температурага ж-а ты­гыздыкка жетет. Кеңейүү акырындык м-н гра­витациялык конденсациянын натыйжасында галактикалардын башталышын, галактикалар­ды, жылдыздарды ж. б. космос телолорун пай­да кылат. Ааламдын чечиле элек маанилүү про­блемалары: сингулярдуулук деп аталган Аалам­дын алгачкы өтө жогорку тыгыздыктагы аба­лы ж-а анын жашоосунун акыркы фазасы (син­гулярдуулук абалга кайра келүүсү).