КОСМОНАВТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСМОНА́ВТИКА (космос ж-а гр. nautike – кеме башкаруу өнөрү), а с т р о н а в т и к а – космос­ко учуучу аппараттарды пайдалануу м-н космос­ту ж-а Жерден тышкаркы объектилерди изилдөөчү, өздөштүрүүчү илим ж-а техника тар­мактарынын жыйындысы. Космонавтика төмөнкү пробле­маларды камтыйт: космоско учуу теорияла­рын – траекторияны эсептөө ж. б.; илимий-техникалык ра­кеталарды, кыймылдаткычтарды, башкаруунун борттук системаларын, автоматтык станциялар­ды ж-а космос кемелерин, илимий борборлорду конструкциялоо, траекториялык ченөө жүргүзүү ж. б.; медицина-биологиялык тиричиликти камсыз кылуучу борт системаларын түзүү, адам организмине таа­сир этүүчү кошумча иш, салмаксыздык, радиа­ция м-н байланышкан жагымсыз кубулуштар­ды калыбына келтирүү; Эл аралык космос мей­киндигин изилдөө, пайдалануу ж. б. Космонавтиканын не­гиздөөчүлөрү – физик-математик К. Э. Циолков­ский, америкалык физик Роберт Годдард ж-а Эно-Пель­три. Космос заманынын башталышы – СССРде 1957-жылы 4-октябрда Жердин жасалма жандоо­чусунун, 1961-жылы 12-апрелде Ю. Гагариндин кос­моско биринчи учушу, 1969-жылы 21-июлда АКШнын астронавттары Н. Армстронг ж-а Э. Олд­рин башкарган «Аполлон – 11» космос кемеси­нин Айдын бетине биринчи конушу. Советтик «Мир» (орбитада 20. 2. 1986–23. 3. 1986) ж-а АКШнын «Скайлэб» (орбитада 14. 5. 1973–11. 7. 1979) кос­мостук станциялары курулган. Бул станциялар­да космонавттар бир нече айга чейин болуп, илимий технологиялык ж-а биологиялык эксперименттер жүргүзүлүп, метеорологиялык кубулуштар изилденүүдө. Келечекте Айга туруктуу база түзүү ж-а Марска бир канча адамдардан экспедиция жиберүү пландалууда. Ошондой эле Эл аралык «Альфа» орбиталык космос­тук станциясын куруу максаты турат.