КОСМОС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС (гр. kjsmos – катар, тартип, дүйнө, Аалам) – белгилүү тартипти, ырааттуулукту, сактаган материянын системасы. Гректер тара­бынан илимге Ааламдын синоними катары киргизилген.Өзүнө планеталар, жылдыздар, галак­тикалар арасындагы мейкиндикти ж-а андагы бардык объектилерди камтыйт. Космос жылдыздар­дын ж-а галактикалардын дүйнөсү – алыскы космос ж-а Жердин жасалма жандоочулары аркы­луу изилденүүчү жакынкы космоско бөлүнөт. «Космос» термини алгачкы Жердин жасалма жандоочу­сун учургандан тарта кеңири колдонула баш­тады.