КОСМОС АППАРАТЫ
КО́СМОС АППАРАТЫ – космос мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ракетасы ж-а кемеси, автоматтык ж-а экипаждуу станциялар – Жер орбиталык ж-а планета аралык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталышы. Космос аппараты жерге жакын, орбиталык ж-а планета аралык; автоматтык ж-а учкуч башкаруучу

болуп бөлүнөт. Атайын илимий-изилдөөчү аппаратура м-н жабдылган космос аппараты ар кандай багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спутник» деп аталган алгачкы космос аппараты 1957-жылы 4-октябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин космос аппараты Жер орбитасына, Айга, планеталарга учурулган. 1957-жылы ноябрда «Спутник-2» космос аппаратында Лайка аттуу ит учурулган. 1961-жылы 12-апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан.
Космос аппаратынын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско учканда узак убакыт бою иштеши ж-а ошону м-н бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуулук режиминин негизинде энергия алып, Жер м-н радиобайланышын камсыз кылат. Экипажы бар космос аппаратында космонавттардын жашоо тиричилигине, иштешине шарт түзүлгөн. Космос аппаратынын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт боюнча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чыгаруу бөлүгү ж-а орбиталык бөлүк. Космос аппаратына 8 км/секга жакын ылдамдык берүү үчүн көп баскычтуу ракеталар пайдаланылат. Жердин жасалма жандоочусунун ылдамдыгы биринчи космос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; планета аралык космос аппараты экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. Космос аппаратын Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда космостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. Космос аппаратын токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); аппарат атмосферага киргенде пайда болуучу аэродинамикалык күчтүн жардамы м-н (Жерге кондурууда). Космос аппараты атмосферада түшүп келе жатканда аэродинамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысыкка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү материалдар (керамикалык негиздеги органикалык материалдар ж. б.) м-н капталат. Ошондой эле Жерге жакындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. Космос аппаратынын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуулук жөнгө салгыч, радиобайланыш ж-а радиотелеметрия, кыймылды багыттоо ж-а башкаруу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи космос аппараты 1957-жылы 4-октябрда учурулган. Космос аппаратынын аракет кылуу узактыгы 5–7 жыл ж-а байланыш аралыгы жүздөгөн млн км. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Клипер» космос аппаратына алмаштырууга арналган. 2011-жылы экипажы жок учуруу ж-а 2012-жылы бир нече кишиден турган космос аппаратын учуруу пландалууда.