КОСМОС КЕМЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́СМОС КЕМЕСИ – адамды ж-а керектүү каражаттарды космоско алып чыгуучу аппарат. Космос кемесинин негизинен жашоого мүмкүн болгон жылчыксыз кабинадан, Жерге кайтып келүүчү аппараттан, кондурууда ж-а манёвр жасоодо орбитасын өзгөртүүчү кыймылды башкаруучу түзүлүштөн турат. Жер орбитасында учуучу космос кемеси – жандоочулар (к. Жердин жасалма жандоочулары), ал эми асман телолоруна учурулуучу планета аралык (экспедициялык) космос кемеси деп аталат. Ошондой эле орбиталык станцияларга адам, жүк жеткирип, кайра алып келе турган транспорттук космос кемеси бар, мисалы, «Восток», «Восход», «Союз», «Меркурий», «Жемини», «Апполон» ж. б., к. Космос аппараты.