КОСМОС СТАНЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́СМОС СТАНЦИЯСЫ – космосто космонавт­тардын иштешин ж-а эс алуусун камсыз кылуу­чу орбитадагы космос аппараты. Биринчи космос станциясы «Салют» (узундугу 14 м) 1971-жылы учурулган. 1973-жылы учурулган «Салют-2» космос станциясында космонавттар 22 күн иштешкен. Ошол эле жылы АКШнын «Скайлэб» (узундугу 27 м) космос станциясы учурулган ж-а үч эки­паж иштеп, 1978-жылы орбитадан алынып, ишин токтоткон. Андан кийин орбитага «Салют» ж-а «Мир» космос станциялары учурулган. «Прогресс» космос кемеси «Салют» космос станциясын отун м-н камсыз кылып анын иштөө мөөнөтүн узарткан. «Мир» космос станциясынын жалпы салмагы 100 т болгон. Көп улуттан тур­ган Эл аралык космос станциясы 1998-жылы чыгарылган. Космос станциясы астрономдор үчүн жаңы шарттарды түзүп, Жер­деги жаратылыш байлыктарын, биологиялык изил­дөөдө, салмаксыз абалда ар кандай материал­дарды иштетүүдө, кристалл өстүрүүдө ж. б. жүргүзөт.