КОСТРОМА
КОСТРОМА́ – Россиядагы шаар. Кострома облусунун административдик борбору. Волга дарыясындагы порт. Калкы 271,7 миң (2008). Темир жол бекети. Текстиль өнөр жайынын (негизинен кебез-кездеме) көөнө борбору. Машина куруу («Мотордеталь», экскава-

тор, «Текстильмаш» ж. б. заводдор), жыгаччылык, химия, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Үч ЖОЖ, драма театр, тарыхый-архитектуралык музей-корук, көркөм-өнөр музейи бар. Богоявленский монастырь собору
(16-кылым), Ипатьевский монастырь ансамбли (16–18-кылымдар), Воскресение чиркөөсү (17-кылым), классика стилиндеги ансамбль, соода катарлары (18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башы), өрт каланчасы (мунарасы; 19-кылымдын аягы), гауптвахта (19-кылым) сакталган. Шаар 12-кылымда негизделген.
Ад.: Раздумовская И. М. Кострома. Л., 1996; Кострома. Историческая энциклопедия. Кострома, 2002.