К тамгасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
К тамгасы , к – латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, а. и. кыргыз алфавитиндеги он экинчи тамга. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн. Ичке үндүүлөр м-н айкалышканда ж-а орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө (мис., ток, актив) түпчүл к, жоон үндүүлөр м-н (а, о, у, ы, аа, оо, уу) айкалышканда артчыл (увулярдуу) каткалаң үнсүз к (кь) ж-а орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө өзүнөн кийин келген жумшак үнсүз ылайыкташкан таңдайчыл к (мис., кюри, кяхта) тыбыштарын туюнтат. Бул тыбыштар акустика-артикуляциялык жактан бири-биринен айырмаланат.
