Колдонуучу:Тест макаласы
БИОЛОГИЯЛЫК ТАЗАЛОО – тиричиликтен ж-а өндүрүштөн чыккан булганч сууларды тазалоо ыкмасы. Булганч орг. заттарды (эриген ж-а эрибеген) биохим. жактан бөлүп ажыратуучу (минералга айландыруучу) микроорганизмдердин иш-аракетинин негизинде жүрөт. Бул заттар микроорганизмдердин (бактериялардын) жашоотиричилиги үчүн керектүү азык ж-а энергия булагы. Микроорганизмдердин демалуу процессинде орг. заттар кычкылданып, алардын тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Бул энергиянын бир бөлүгү клетка заттарын синтездөөгө, б. а. бактериялардын, кыймылдуу чөгүндүлөрдүн ж-а тазалоочу курулмалардагы суу бетиндеги организмдердин санынын көбөйүшүнө жумшалат. Булганч суулардагы орг. бирикмелерди минералга айландырууда бактериялар катышат. Алар кычкылтекти пайдалануусуна жараша 2 топко бөлүнөт: аэробдор (демалганда сууда эриген кычкылтекти пайдалануучу) ж-а анаэробдор (эркин кычкылтек болбогон шартта жашоочу). Булганч сууларда эриген орг. заттардан тышкары, калкып жүргөн заттар, чайырлар, майлар кездешет. Б. т-нун алдында тор, кумтоскучтар, тундургучтар аркылуу ал заттардан сууну арылтуу зарыл. Аэробдуу Б. т. сугат жерлерде, чыпкалоочу талааларда, биол. көлмөлөрдө, аэротенктерде, аэрочыпкаларда жүргүзүлөт. Мындай шарттарда микроорганизмдердин жашоо тиричилиги жогору болот. Анаэробдуу тазалоодо метатенктер (жасалма чөйрө) колдонулат. Тазалоочу курулмалар суунун булгануу мүнөзүнө, өлчөмүнө, жерг. шарттарга, суунун тазалык сапаттарына ж. б. жараша тандалып алынат. Толук тазалоонун натыйжасында биохим. жактан кычкылдануучу орг. заттар сууда дээрлик калбайт. Натыйжада суунун бактериялык булгануусу төмөндөп, тунуктуулугу артат. Микроорганизмдердин жашоо-тиричилиги үчүн жетиштүү сандагы биол. элементтери (азот, фосфор, калий) бар булганч суулар Б. т-дон өткөрүлөт. Б. т-нун алдында айрым учурларда булганч сууларга биогендик элементтер туздардын эритмеси түрүндө кошулат.
Ад.: Канализация / Под. ред. А. И. Жукова. 4 изд. М., 1969.
Э. Ахматбекова.