Part2 327-бет

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Part2 556-бет


унда калыңдыгы 1–2,5 км келген катмар (чык­кан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 кмге жетет. Жер кыртышы м-н м а н т и я н ы н ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мо­хоровичич бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен ки­йинки калыңдыгы 40 кмге жеткен катуу кат­мар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыр­тышы м-н кыртыш алдындагы катмар экөө би­ригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калың­дыгы 2900 км. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш ал­дындагы катмардан кийинки кабаты астенос­фера деп аталат. Ал балкып эриген абалда бо­лот. Ж. я д р о с у н у н радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро (Е) ж-а ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 кмге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Ж-дин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Ж. массасынын 90%) кылат. Жер кыртышы­нын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na ж-а K түзөт. Ядро Fe м-н Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот.
Ж-дин геосфераларында заттар тынымсыз кыймыл-аракетте ж-а өзгөрүүдө болот. Ж. те­реңдигинде ж-а анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзоген­дик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесс­тер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн ары­бери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт (к. Тектоникалык кыймылдар). Тектон. кый­мылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, б. а. магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыр­тышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу жер үстүнө атылат (к. Жанартоо). Тектон. де­формация м-н магманын көтөрүлүшү (басым м-н темп-ранын жогорулашы) жер кыртышын­дагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт (к. Метаморфизм). О. эле жер бети ж-а жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу ж-а жаратуучу (талкалан­ган тектердин ойдуңдарга топтолушу ж-а чөкмө тектин келип чыгышы). Ички ж-а сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер м-н оке­андар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоо­лор пайда болгон же басырылып ойдуңга ай­ланган. Тектон. кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары м-н өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, орг. дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары м-н тыгыз бай­ланышта жүргөн. Ж. ө н д ү р ү ш к а р а ж а­т ы катары – эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Ж. – эл чарбасынын, өзгөчө токой ж-а а. ч-нын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.


Ад.: Куликов К. А., Сидоренко Н. С. Планета Земля. 2-е изд. М., 1977; Бялко А. В. Наша планета Земля. 2-е изд. М., 1989; Хаин В. Е., Короновский Н. В. Планета Земля от ядра до ионосферы. М., 2007. Хаин В. Е., Ломидзе М. Г. Геотектоника с основами геодинамики. М., 2005.