«БЕРМУДА ҮЧ БУРЧТУГУ»
«БЕРМУ́ДА ҮЧ БУРЧТУГУ» – Атлантика океанындагы навигация үчүн өтө татаал табигый кубулуштар болуп туруучу суу мейкиндиги. Флорида ж. а. Бермуда, Пуэрто-Рико а-нын аралыгын камтыйт. Бул аймакта зор суу иримдери (ринг агымдары), тик багытта ыкчам оошкон аба массасы, өтө тез пайда болуп, кайра тез жок болуп кетүүчү деңиз куюндары, кадимки ак булуттан пайда болгон чагылган, ачык асмандын турбуленттүүлүгү ж. б. кубулуштар тезтез кайталанып турат. Натыйжада кемелер же алардын экипаждары, самолёттор ж. б. аппараттар белгисиз себептерден дайынсыз жоголгондугу же апаатка арбын учуроосу көп катталган. «Үч бурчтук» аймагында суу айрыкча көгүлтүр, тунук. Изилдөөлөрдүн негизинде деңиз суусунун темп-расы 500 м тереңдикке чейин бир калыпта (18°С) экендиги аныкталды. Акватория ихтиофаунага, суу балырларына ж-а маржанга (кораллга) бай. Мындай татаал табигый кубулуштардын пайда болуу себептери б-ча бир нече божомол бар. Алардын негизгилери: 1) мындагы бардык кубулуштардын себеби океан түбүнөн бөлүнүп чыккан метан газы; океан түбүнөн көтөрүлгөн метан газы өзү м-н кошо фос-

фин (фосфор м-н суутектин газ абалындагы) бирикмесин ала чыгат, натыйжада күйүүгө түздөн-түз шарт түзүлөт; 2) мындагы кубулуштар Атлантика океанындагы «Б. ү. б.» аркылуу
өткөн тектон. жаракага байланыштуу; бул аймакта жылына 50 миңден ашык жер титирөө болуп турат, о. эле жаракага жакын жайгашкан жанартоолор атылганда түркүн газдардын деңиз үстүнө бөлүнүп чыгышы; 3) бардык кубулуштар «Үч бурчтуктун» тегерегинде болуп жаткан магниттик аномалияга байланыштуу.
Ад.: Лесняк Е., Дорошенко А. НЛО и Бермудский треугольник. НиТ, 2000; Куше Л. Бермудский треугольник: мифы и реальность. НиТ, 2002; Островский Б. Ч. Бермудский треугольник: какая гипотеза ближе к истине? НиТ, 2004. Ө. Бараталиев.