«БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ» – ачык акционердик коом. 1961-жылы Фрунзе ЖЭБ ишке киргизилип, 1962-жылы анда жылуулук тармактар цехи ачылып, станция аркылуу жылуулук коё берүү башталган. Долбоордун биринчи кезеги боюнча кубаттуулугу 25 миӊ кВттык 2 агрегат жана саатына ар бири 160 т буу иштеп чыгаруучу 3 буу казаны орнотулган. Ошол учурда жылуулукту пайдалануу көлөмүнүн тез көбөйүшүнөн улам ЖЭБди кеӊейтүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жаӊы жылуулук магистралдары курула баштаган. 1963-жылы жылуулук тармактар цехи райондук жылуулук тармагы болуп өзгөртүлгөн. Фрунзе шаарынын алгачкы жылуулук магистралдары Ташкендеги жылуулук долбоор институтунун Орто Азия бөлүмү иштеп чыккан долбоорлордун негизинде курулган. 1962–64-жылдары ЖЭБден баштап Фучик көчөсүнө чейин узундугу 9,5 км, диаметри 500 мм ПП-1,2 жылуулук тармагы ишке кирген. Ишкананын алгачкы иш аракеттери магистралдык жылуулук тармактарын пайдалануу менен башталган. 1968-жылы жылуулукту пайдалануу кеӊейгенине байланыштуу район Фрунзе шаардык жылуулук тармактар ишканасы деп аталып, анын курамына Борбордук жана Түштүк райондорунун тейлөө жумуштары жүктөлгөн. 1982-жылы мекеменин энергия кубаттуулугунун өсүшүнө байланыштуу шаардын борбордук жана батыш бөлүктөрүн тейлөө үчүн №3 Батыш жылуулук пайдалануу району, 1991-жылы ЖЭБ-2ден чыккан жылуулук магистралдарын тейлөө үчүн Түштүк-Батыш району түзүлгөн. Ишкана 1451 турак үйдү, 424,4 км жылуулук тармагын, 18 тейлөө станциясын жана 3200дөн ашык жылуулук керектөөчүлөрдү тейлеген. Анын курамына жылуулук керектөөчү төрт район – Борбордук, Түштүк, Батыш, Түштүк-Батыш, ремонттоо, электр жана байланыш, диспетчердик, транспорт жана механизмдер кызматтары, жылуулук автоматикасы жана изилдөө, коммерциялык эсеп кызматы, сатып өткөрүү жана башкаруу бөлүмдөрү кирет.
М. Т. Батаканов.