«ВАРЯГДАРДАН ГРЕКТЕРГЕ» ЖОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВАРЯГДАРДАН ГРЕКТЕРГЕ ЖОЛ» (Варяг жолу же Чыгыш жолу) – Балтика деӊизинен Фин булуӊу, Нева дарыясы, Ладога көлү, Волхов-Ильмен, Батыш Двина, Днепр, Кара деӊиз аркылуу Византияга баруучу байыркы соода (суу) жолу.«Варягдардан гректерге жол» байыркы кезде эле маалым болуп, X кылымда чыгыш славяндардын жана Киев Русунун тарыхында маанилүү роль ойногон.