«ВЯТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВЯ́ТКА» АЙЫЛ ЧАРБА ШЕРИКТЕШТИГИ – Түндүк Кыргызстандагы алгачкы жамааттык айыл чарба би­рикмелеринин бири. 1919-ж. 20-мартта багбан­дар м-н жүзүм өстүрүүчүлөрдүн союзу катары Пишпек уездиндеги Молдаван кыштагында уюшул­ган. 1922-ж. «Ветка» айыл чарба коммунасы болуп кайра түзүлгөн. 1924-ж. январда коммунарлар өз чарбасын В. И. Лениндин ысмы м-н аташ­кан. Коммунадагы эмгек шарты, турмуш-тири­чилик, маданияты коңшу айыл-кыштактардын тур­гундарына чоң таасир тийгизген. Аларга мал­дын тукумун асылдандыруу, мөмө-жемиш бак­тарынын ж-а жүзүмдүн түшүмдүү сортторун өстүрүү жагынан өрнөк көрсөткөн. Коммуна 1930-ж. колхоз болгон, 1951-ж. бир нече колхоз­дор биригип, ирилешкен чарбага айланган. 1992- жылга чейин Ленин атн. колхоз, 1992-жылдан «Ветка» айыл чарба кооперативи деп аталган.