«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ»
«ЖАЛАЙЫР ЖАЛГЫЗ» – жөө жомоктун негизинде түзүлгөн турмуштук поэма. КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда поэманын 16дан ашуун варианты сакталып турат. Айрым варианттары басма сөздө жарыяланган. Жомокбаяндагы баш каарман Жалайыр жалгыз (Жалайыл, Жайдин уулу Жалайил) душман алдында жалгыз болот. Карындашы Гүлсананын образы поэманын бардык варианттарында алдыңкы планда болуп, анын кайраттуу мүнөзү, айлакерлик иш-аракети жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Окуя эпикалык салттуу мотивдер, айтуучулардын алымча-кошумчалары м-н өз алдынча сюжет катары элдик оозеки чыг-лыктан орун алган. Б. Алыкулов, М. Зулпуев, Т. Абсатаровдон ж-а памирлик, жерге-талдык (Тажикстан) кыргыздардан жазылып алынган варианттар өзгөчө көркөм айтылып, архаикалык мүнөздөгү окуялардан, кызыктуу эпизоддордон турат. Афганстандык кыргыздардын айтуусундагы «Ж. ж-ды» Реми Дор жазып алган.
Ад.: Кыргыз адабиятынын тарыхы. III т. Б., 2002. Г. Орозова.