«ЖАНЫШ-БАЙЫШ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ЖАНЫШ-БАЙЫШ» – кыргыз элинин баатыр­дык дастаны. Ал бир нече кылым оозеки жа­шап, укумдан-тукумга өтүп, калыптануу ж-а өнүгүү тарыхында ар түрдүү идеялык-филос. ой­лор м-н байыган. Мурда анын үзүндүлөрү жөө жомок түрүндө айтылып келген. Пайда болгон доору так эмес. Бирок дастан каармандарына ж-а мазмунуна караганда кийинки доордо эле (16–18-к-да) жаралган болушу мүмкүн. «Ж.-Б-та» кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн кал­мак баскынчыларына каршы күрөшү, эркиндик, теңдик ж-дөгү үмүт-тилеги, ой-санаасы айтылат. О. эле баатырдык ж-а акылмандык, адилет­түүлүк ж-а ак ниеттүүлүк сыяктуу адеп-ахлак, санат мотиви да арбын. Дастан эки бир тууган­дын аты м-н аталат. Бирок экөөнүн дастанда алган орду бирдей эмес. Байышка мүнөздөмө кеңири берилген. Жаныштын аты Байыш м-н бирге айтылса да, ал баш каармандын образын гана толуктайт. Ошондой болсо да эки бир туу­ган эл мүдөөсүн жогору санаган, эл үчүн кызмат кылган, душманга каршы күрөштө эл башын бириктирип, зор күч топтогон баатырлар ката­ры сүрөттөлөт. Азыр КР УИАнын Кол жазма­лар фондусунда дастандын төрт варианты бар. Биринчи вариантын М. Мусулманкуловдон (1922), экинчисин Ж. Жанаевден (1923) К. Мифта­ков жазып алган. 3–4-варианты К. Акыев м-н О. Урманбетовдуку. Бир варианты (К. Акыев, 1939, 1970) басмадан чыккан. Булар көркөмдүк сюжеттик-композициялык жактан бири-бири­нен айырмаланат. К. Акыев бул эпосту Токто­гулдан үйрөнгөн. Бул вариант бардык нускалар­дан көлөмү гана эмес, көркөмдүгү, мазмун-ма­ңызы, каармандардын образдарынын толук ачы­лышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгү, көтөрүлгөн идеянын жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлы­гы, баатырдык теманын жогорку баскычта че­чилиши м-н айырмаланат. Дастан К. Акыев­дин шакирти Сарыкунандан (Сагынбек Дыйкан­баев) Б. Кебекова тарабынан жазылып алын­ган. Сарыкунан эки жолкусунда (1965, 1967) эки башка айткан, алар көркөмдүк жагынан кескин айырмаланат. Алгач жаздырышында К. Акыевдин вариантынын чегинен көп чыга албаса, кийинкиси өз алдынча варианттык дең­гээлге жеткен. «Ж.-Б.» эпосун тарыхый-этногр. жагдайда атайын изилдөөгө алып, проф. И. Мол­добаев монография жазган. Р. Кыдырбаева.