«ЖУМУШЧУЛАР МЕНЕН ЧАЙРИКЕРЛЕРСОЮЗУ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– 1917-ж. Февраль рев-ясынын жеңи­шинен кийин Ош уездинде түзүлгөн жерг. жу­мушчулар м-н кедей-кембагалдар уюму. Неги­зинен ага кыргыз, өзбек жумушчулары кирген. Анын максаты жумушчу-дыйкандардын эзилип жаткан абалынан ж-а мусулман дининин тааси­ринен пайдаланып, аларды падышалык бийлик­тин буга чейин жүргүзгөн саясатына каршы үгүт­төө болгон. Бул союздун демилгеси м-н 1917-ж. 21-августта Мусулман депутаттар совети (ки­йин Ош мусулман жумушчулары м-н чайрикер депутаттар совети болуп аталган) шайланган. Натыйжада, кийин бул союз Кырг-нга Совет бий­лигин орнотууну толук колдоп, ал бийликти чыңдоого активдүү катышкан.


Ад.: Зима А. Г. Победа Октябрьской революции в Киргизии. Ф., 1966.