«ИЛИАДА»
«ИЛИА́ДА» (Илион, башкача айтканда Троя жөнүндө поэма) – байыркы гректердин эпикалык поэмасы, дүйнөлүк мааниге ээ чыгарма. Гомер жазган деп болжолдонот. Троя согушу (б. з. ч. 13-кылым) жөнүндөгү уламыштардын негизинде б. з. ч. 9–8- кылымдарда Ионияда пайда болгон деп эсептелет. Гекзаметр м-н жазылган (15 700дөй сап ыр). «Илиаданын» башкы каарманы – Ахилл. Башкы көсөм Агамемнон ыза кылган «Ахиллдин каары» – поэманын сюжеттик өзөгүн түзгөн негизги мотив. Поэмада Микен көсөмү Агамемнон башкарган көп уруудан чогулган ахейлик кошуундун Трояны курчоого алганы сүрөттөлөт. «Илиадада» байыркы гректердин (уруулук түзүлүштөгү) коомдук турмушу, материалдык ж-а рухий маданияты ар тараптан чагылдырылган. Ал көркөм ж-а тарыхый мааниси жагынан гана эмес, байыркы замандагы билимдердин жыйындысы, философия м-н поэзиянын булагы катары да жогору бааланат. Эпостогу тарыхый, географиялык фактылардын аныктыгы 18-кылымдын аягында Г. Шлиман жүргүзгөн археологиялык казууларда ырасталган. «Илиада» 18-кылымдын аягынан тартып орус тилине бир нече ирет которулган. Түп нускадагы ыр өлчөмү сакталган алгачкы орусча классикалык котормосу Н. И. Гнедичке таандык (1829).