«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»
«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН» , «т а з а и с к у с с т в о» – көркөм чыгармачылык (искусство) коомдук турмуш менен саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катышпай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, турмушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. XIX кылымдын орто ченинде Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуучусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Канттын эстетикалык көз караштарга байланыштуу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн максатсыз, анткени ар кандай максат искусствону бурмалайт» – деп жазган. Россияда XIX кылымдын ортосунда «Искусство искусство үчүн» урааны искусстводогу «гоголдук багытка», башкача айтканда социалдык-сынчыл багытка каршы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Анненков, В. П. Боткин). Көркөм чыгармачылыктагы коомдук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген «Искусство искусство үчүн» идеясын орустун революциячыл демократтары жана адабият таануу өкүлдөрү сынга алышкан.