БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЗАР-КОРГОН СУУ САКТАГЫЧЫ Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон р-нундагы Кайырма кыштагына жакын жерде 1961-жылы курулган. Кара-Үңкүр суусу куят. Аянты 2,67 км, сыйымдуулугу 22,5 млн м3, анын 20,08 млн м3 суусу сугатка пайдаланылат. Плотинанын бийиктиги 25 м, узундугу 2400 м. Суу чыгымы орто эсеп м-н 7 м3/сек. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун ж-а Өзбекстандын айрым райондорунун 18 миң га жерин суу м-н камсыз кылат. Суу сактагычка суу куйган каналдын узундугу 11,1 км (суу чыгымы 0,8 м3/сек) ж-а суу сактагычтан суу агып чыккан каналдын узундугу 6,9 км дей (суу чыгымы 6,9 м3/сек).