БАЗАРОВ Геннадий

БАЗАРОВ Геннадий Садырович (14. 5. 1942-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы - 5. 02. 2023, Бишкек) - кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1991), Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974). 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында баштаган. 1967-жылы «Саманчы жолу» фильмин дипломдук иши катары тарткан. «Буктурма» (X. Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова, 1966), «Көчө» (М. Гапаров, 1973), «Биринчи» (Г. Базаров, Л. Дядюченко, 1984), «Көз кареги» (Л. Дядюченко, 1975), «Каныбек» (К. Өмүркулов, К. Жантөшевдин романы боюнча), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991), «Карагыз» (2005) жана башка көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995), «Искусство жөнүндө баян» (1974), «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) кыска метраждуу новеллаларды, даректүү фильмдерди жана башкаларды тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаев, Н. Байтемиров,

А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башкалар жөнүндө портрет галереясын түзгөн, повесттери да бар. Акыркы жылдарда Кыргыз телерадиокомпаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.