БАЙ
БАЙ - кыргыз коомунда малдуу, мүлктүү, жери, кыштоосу, жайлоосу бар социалдык топ. Ошондой эле Орто Азия, Казакстан аймактарында, Кавказдын айрым жерлеринде да көп сандаган мал, байлык күткөндөр жана ири жер ээлери Бай аталып, Октябрь Революциясынан кийин алар коомдук социалдык катмар - «эзүүчү» тап катары Совет бийлиги тарабынан «түп-тамырынан» жоюлган. Байыркы кыргыздын рун жазууларында, бүгүнкү күнгө чейин сакталып жеткен түрк тилдүү кол жазмаларда Бай деген аталыш кеңири кездешип, мал-мүлкү бар адамдарга карата айтылган. Ири Байлар түмөндөгөн төрт түлүк малды, жайыттарды же зор аймактагы айдоо аянттарды менчиктеген. Мисалы, Кочкор өрөөнүндөгү Шамен Сейит уулунун 2000 жылкысы, 3000 кою, 200 төөсү, 300 ую; Солтон-Сары менен Кара-Кужурду ээлеген Калча байдын 10 000 кою, 1000 жылкысы, 200дөй топозу болгон. Калчанын малын 21 койчу, 15 жылкычы баккан. Дыйканчылык өнүккөн аймактардагы Байлар ири жер ээлери болушкан. Куршабдык Ташмамат бай 250, алабукалык Калмабай 270 танап (1 танап - 1/6 га жакын) жер ээлешкен. Бай кыргыз коомунда бараандуу орун ээлеген. Алар коомдук мамиледе жана чарба башкарууда уюштургуч, жаратуучу катары маанилүү роль ойногон. Б. Солтоноевдин жазганына караганда кыргыз байлары төрткө бөлүнгөн: 1) «чоң Бай». Калк арасында күткөн аброюна карата, сөөлөттүү жүрүм-турумуна жараша аларга «мырза Бай», «март Бай», «уюткулуу Бай» деген ызааттоо эпитети колдонулган. Уюткулуу Бай, демек, байлык атадан балага калып, анын көлөмү кемибегендерге карата айтылган. Бай адамдын таза кийинип, мырзалык жүрүм-туруму менен эл башкарып, колунда бар байлыгына чиренбестен букараларына, коңшу-колоңдоруна кайрылып жардам кылып турушу анын марттыгын билдирген. Адатта чоң Байдын саясий-коомдук статусу манаптарга жакын болуп, алар бийлик ишине олуттуу таасир көрсөтө алышкан; 2) «сараң Бай» - сараңдыгынан улам калк арасында аларды «чык татырбас Чыйбыл Бай» деп да аташкан; 3) «сасык Бай же кокуй Бай» - алар мал туягын санап, үйүнөн ырымга да кан чыгарбастан, өлгөн жандыктын этин жешкен. Жакшы кийинип, кенен ичип-жегенди жаман көргөн; 4) «жеке мерез Бай», «макоо Бай» - алар жанына коңшу жолотпостон, жайы-кышы жалгыз конгон. Буюм сураса урушуп, берген эмес. «Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт, жаман эрге мал бүтсө, жанына коңшу кондурбайт» деген макал ошондон калса керек. Совет идеологиясы бай адамдар жана байлык тууралуу атайылап терс көз караш таратып, Совет бийлиги алгачкы жылдардан эле Байга чектөө саясатын жүргүзгөн. 1927-28-жылдарда Кыргызстанда жүргүзүлгөн жер-суу реформасынын учурунда 494 байдын жеке менчик чарбасы жоюлуп, 3447 оокаттуу чарба кысымга алынган жана алардын 17277 га жери коомдоштурулган. 1929-жылы Кыргыз АССР БАКтын ири Байлар менен манаптарды республиканын чегинен сырткары жер которуштуруу жөнүндөгү чечимине ылайык, оокаттуу чарба ээлеринин көпчүлүгү үй-бүлөсү менен башка жактарга (Украина) айдалган. Ал эми жеке чарбаларды коллективдештирүүнүн негизинде «Байлардын калдыгы» тап катары биротоло жок кылынган. Идеологиялык жобого ылайык, аларга каршы күрөш социалисттик революциянын мыйзамы катары түшүндүрүлгөн. Илимий эмгектерде, адабий чыгармаларда кыргыз Байлары асыресе ачкөз, каардуу жана кедей-кембагалдын канын соргон мите сыяктуу сүрөттөлгөн. Совет бийлигинин саясаты ошол мезгилдеги кыргыз маданиятынын, кыргыз рухунун нукура интеллектуалдык өкүлдөрүн «Бай» деген шылтоо менен эзүүчү тап катары жок кылып жибергендиги маалым. КР эгемендикке ээ болгону өлкөдө жеке менчикке негизделген коомдук өзгөрүүлөрдүн шартында жеке ишканалар, окуу жайлар, мектептер, дарылоо мекемелери ж. б. ачылып, адамдарга өз алдынча байлык топтоого мүмкүндүктөр берилди. Учурда өлкөдө иши менен таанылган жеке ири ишкана ээлери, бай ишкерлердин катары күн санап өсүүдө.
М. Кожобеков.