БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда, Көгирим (Арал) кыштагынан 25 км аралыкта. 1977-жылы ачылып, изилденген. Кен аймагында доломит м-н крем­нийлүү сланец жатат. Алардын кошулган же­ринде тектоникалык жарака кетет. Анда халцедон-те­мирлүү брекчия тилкеси кездешет. Мында кварц сыныктары күрөң, сары-күрөң ж-а кызыл түс­төрдөгү аморфтуу халцедон-темирлүү масса м-н камдашып калган. Тилкенин узундугу 150 м ге созу­лат. Запасы 1000 тдай. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.