БАЙЗАК Жаркынбай уулу

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЗАК Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү - 7. 9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого ж-а белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Байзак кербендер м-н Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери м-н толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Са­маркан, Бухарага чейин барып, шаар калкы­нын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-жылы Россия импера­торлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль м-н сыйлаган. Мындан тышкары, Жалал-Абад, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер м-н да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-жылдарда Пишпек уез­диндеги Кулжыгач болуштугунун айылдарынын биринде бий, кийин болушка талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-жылдарда эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-жылы 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлу­гунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал Шабдан баатыр­дын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору м-н чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, ошондой эле Шабдан м-н бирге Ош-Алай тарапка барышып, Курманжан даткага атайы жолугушуп, анын күйөөсү Алым­бек датканын арбагына багыштап куран оку­туп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Байзактын да кол кабыш кыл­гандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруу­чу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-жылы октябрь айында 170 жыл­дыгы республикалык деңгээлде белгиленип, анын алка­гында илимий конференция өткөрүлгөн. 1994-жылы мур­дагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган.

Д. Сапаралиев.