БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКАЛ БҮКТӨЛҮҮСҮ - тоотек катмарлары­нын рифейден кембрийдин башталышына че­йинки мезгилде бүктөлүүгө дуушарланган тоолуу аймак. 1932-жылы орус геологу Н. С. Шатский алгач бөлгөн; кийин Байкал бүктөлүүсүнүн башкы фазасы (учуру) венддин башталышынан кембрийге че­йинки (350-650 млн) мезгил катары такталган. Байкалиддер Орус платформасын түндүгүндө Тиманга чейин жээктеп, Сибирь платформасында - Турухан зонасын, Енисей токол тоосун ж-а Чыгыш Саянды, Байкал тоолуу облусун кур­чап өнүгөт. Алар Индстанда, Араб жарым аралында, Жакынкы ж-а Ортоңку Чыгышта, Батыш Европада, альп структураларынын пайдубалдары көтөрүлгөн жерлерде, герциниддердин ичинде­ги ортоңку массивдер катары таралат.