БАЙЛАДИЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЙЛАДИЛА — Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200-1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Ғе 65-69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бетинен ачык казылып алынат. Кендер антиклиналдык зона м-н татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Байладила кенинде 150 м тереңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900-1500 м, калыңдыгы 30-60 м (чанда 150 м).