БАЙЛАМТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАМТА — суу агынын жөнгө салуучу гидротехникалык курулма. Негизинен сугат тармагында кол­донулат. Ал жандама нуктарды бууп, негизги нуктагы сууну көбөйтүү үчүн жасалат. Тоолуу жерде салынган байламта сайдын түбүн жеп кетүүдөн сактайт. Анын таманына, капталдарына ата­йын таш төшөлүп, чым коюлат.