БАЙЛАМТА (анатомияда)
БАЙЛАМТА а н а т о м и я д а - скелет сөөктөрүн бириктирүүчү катуу, ар түрдүү формадагы тарамыш. Аны түзүүчү туташтырма ткандын мүнөзүнө жараша ийилгичтиги, чоюлгучтугу, серпилгичтиги, бышыктыгы ар кандай болот. Бала чакта байламта серпилгич, ийилгич келип, жаш өткөн сайын бул касиеттери азайып, кээде сөөккө айланышы мүмкүн. Байламта негизинен муунга жакын, муун кабында, анын тегерегинде ар кандай багытта жайгашып, сөөктөрдү белгилүү абалда кармап, аларды ажырап кетүүдөн сактайт ж-а кыймылга келтирет же кыймылын азайтат. Алардын учтары сөөктүн өзгөчө дөңчөлөрүнө бекийт. Ири байламта жамбаш, тизе, чыканак муундарында, ошондой эле омуртка тутумунда жайгашат. Жамбаш байламтасы айрыкча чоң мааниге ээ. Ал эки жамбаш сөөгүн куймулчакка бириктирип, омуртка тутуму м-н тулкунун бүт салмагын көтөрүп турат. Байламта механикалык жактан бышык болуу м-н бирге чоюлгуч касиетке ээ. Машыгуу ж-а көнүгүүлөрдүн натыйжасында байламтанын чоюлгучтугу бийчилерде, гимнасттарда, акробаттарда эң жогору болот. Байламта муундун туура эмес кыймылынан, ага оор күч таасир эткенде чоюлуп же үзүлүп кетет. Көбүнчө кызыл ашык ж-а кырк муундун байламтасы жабыркайт, бул учурда муун шишип, ооруйт, кыймылы азаят. Байламта жабыркаганда тезинен врачка кайрылыш керек, ага чейин муунду кыймылдатпай таңып коюу зарыл. Кеч ж-а туура эмес дарыланганда көпкө чейин айыкпай, муун туруксуз болуп, кайрадан чоюлушу мүмкүн.