БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ
БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия м-н ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалындагы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыратуучу энергияга барабар. Байланыш энергиясы ядронун туруктуулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс ж-а абсолюттук чоңдугу канчалык жогору болсо, система ошончолук бышык болот. Мисалды, атом ядросу үчүн байланыш энергиясы ядродогу нуклондордун күчтүү аракети м-н аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропорциялуу: ᐃт/ᐃЕ=ᐃтс2. Атом ядросундагы нуклондор (протон ж-а нейтрондор) кармап туруучу байланы энергиясы миллиондогон эВ м-н ченелет. Өтө туруктуу ядронун байланыш энергиясы 8 .106 эВ/нуклонго (сыйымдуу байланыш энергиясы) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, ошондой эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу байланыш энергиянын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү м-н түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдүүлүк.