БАЙТИК 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТИК Канай уулу, Б а й т и к б а а т ы р (болжол м-н 1820, Чүй өрөөнү - 1886, Чүй өрөөнү, өзүнүн кыштоосу, азыркы Байтик өрөөнү) - солто уруусунун чоң манаптарынын бири;

1860-жылдардын башында Кокон хандыгынын эзүүсүнө каршы күрөштүн башчыла­рынан. Жаш кезинде атасы­нын Таластагы бир тууганы Сатылгандыкында жүргөн. Таластан кайтып келгенден кийин, тың чыккан Байтик Чүй­дөгү солтолордун манабы Жаңгарачка жагып, акыры солто уруусун башкарууга жетишкен. Байтик адегенде Кокон хандыгы м-н өз а­ра ыңгайлуу дипломатиялык мамиледе болгон. Пишпек­тин үстүндөгү Басбөлтөктү жердеп турган. Бий­лигин бекемдөө үчүн Чүйдөн Таласка көчүп барып жашап калышкан сарбагыш уруусундагы чоңчарыктардан чыккан манасчы Балыкоозду (Балык Кумар уулу) өзүнө чакыртып алган. Көчмөн турмуштун шартында сабаты ачылба­ган элге Балыкооз сыяктуу адамдардын кадыры кандай экендигин туура түшүнгөн. Көп ма­селелерди аны м-н кеңешип турган. Ошол мез­гилде Кокондун ханы Малла хан Жаңгарачты өз таасиринде кармап туруу үчүн кысмакка алып, жылкыларын салык катары айдап кетип, зор­дук көрсөтүп турган. Байтик 1860-жылы Кокон ханы та­рабынан дайындалган, элге зордук-зомбулугу күч алган Пишпек чебинин беги Рахматулланы солтонун Дуулат, Көкүм ж-а Чойбек баатыр­ларынын жардамы м-н өлтүргөн. Чүй өрөөнүндө­гү саясий кырдаалды туура баалаган Байтик жи­гиттери м-н Пишпек чебин курчап алып, бир тууганы Сатылган аркылуу Верныйдагы орус генералы Г. Колпаковскийге жардам сурап кай­рылган. Бул күрөштө ага кеминдик сарбагыш­тардын чоң манабы Жантай жардамдашкан. Пишпек чеби талкалангандан кийин Байтик 200 жигити м-н Россиянын аскерлерине кошу­луп, Кокон хандыгынын үстөмдүгүнөн Олуя-Ата, Мерке, Чымкен чептерин бошотууга катышкан. Олуя-Атада багыш уруусунун манабы Сарымсак баштаган 1000 кыргыз Байтиктин жигит­терине кошулган. Байтик 19-кылымдын орто ченинде Чүй өрөөнүндөгү кыргыздардын Россия империя­сынын карамагына өтүүсүнө ж-а Россия м-н Кыргызстандын байланышын чыңдоого түздөн-түз салым кошкон. 1867-жылы солто, сарбагыш, саяк ж. б. кыргыз урууларынын өкүлү катары пады­ша Александр ІІнин Кеңешине катышуу үчүн Санкт-Петербургга барган. Россия империясы­на кылган кызматы үчүн Байтикке аскердик капитан даражасы ыйгарылып, Анна тасмасына та­гылуучу Чоң алтын медаль, ыйык Станислав ордени ж-а каухар чөгөрүлгөн шакек м-н сыйланган.

Ж. Жакыпбеков.