БАЙТУРСЫНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТУРСЫНОВ Ахмет, А х м е т Б а й т у р ­с ы н у у л у [28. (15). 1. 1873, азыркы Костанай облусу, Жангелдин району, Сарытүбек айылы - 8. 12. 1938, Алматы] - казак элинин 20-кылымдын башындагы улуттук-боштондук кыймылын же­тектегендердин бири, мамлекеттик ишмер, акын, публицист, казак тили ж-а адабият таануу илимдеринин негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан. Тор­гойдогу эки жылдык орус-казак мектебин (1891), Оренбургдагы төрт жылдык мектепти (1895) бүтүргөн. 1895-1909-жылдарда Актөбө, Костанай, Кар­каралы уезддериндеги орус-казак мектептерин­де, Каркаралы шаардык окуу жайында эмгектен­ген. 1905-жылы 14500 адам кол койгон орус бийли­гине жиберген Каркаралы петициясынын автор­лорунун бири. Ошол мезгилден тартып, жан­дармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Трой­ницкийдин буйругу м-н 1909-жылы Семей түрмөсүнө камалат ж-а атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург шаарына (1910-17) жер которуштурат. Бул жерде 1913- 18-жылдарда А. Бөкейханов, М. Дулатов м-н биргеле­шип, улуттук тунгуч «Алаш» гезитин чыгарышкан. Алар ошондой эле «Алаш» партиясы м-н «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Жалпы казак курултайында Алаш өкмөтүнүн окуу-агартуу комиссиясынын төра­галыгына, 1919-жылы өкмөттүн Торгой облустук бөлү­мүнүн мүчөсү, РСФСР Эл комиссарлар Совети м-н Казак аскердик-революциялык комитетинин төрага­сына орун басарлыкка дайындалган. Анын де­милгеси м-н «Алаш ордонун» жетекчилери м-н мүчөлөрүнө Совет өкмөтүнүн кечирими жарыя­ланган. 1920-жылы В. И. Ленинге Совет өкмөтүнүн Казакстанды башкаруу ишиндеги кемчиликте­рин сындаган кат жолдогон. Казакстан м-н Рос­сиянын чегарасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-жылы Костанай уездин Челябинск облусуна кошуу тууралуу чечимине каршы Байтурсыновдун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын ку­рамына калтырууга негиз болгон. 1920-25-жылдары Казак Республикасынын эл агартуу комиссары, илимий-ада­бий комиссиясынын, өлкөнү изилдөө коомунун төрагасы, Оренбургда, Ташкендеги эл агартуу ин­ститутунда, Казак мамлекеттик университетинде иштеген (казак тили м-н адабияты, маданияты боюнча лекция окуган). 1929-жылы Алаш кыймылын жетектеген 43 адам­дын ичинде Байтурсынов да айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган ж-а 1937-жылы атылган. Казак элинин 20-кылымдын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал» (1909), «Маса» (1911) аттуу чыгармалары жарык көргөн, ошондой эле орус классик-акындары­нын чыгармаларын да которгон.