БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ГЕРМАНДАР - инди-европалык тилде сүйлөгөн ири уруулар тобу; б. з. ч. 1-кылым ченде Рейн м-н Висланын, Дунай м-н Балтика, Түндүк деңиздин ж-а Түштүк Скандинавиянын аралыгын мекендеген. Б. з. ч. 1-кылымда Байыркы германдар отурук­ташууга өтүп, уруулук жамаат болуп жашап, жерди менчиктебестен, чогуу иштешкен. Б. з. 1-кылымынын аягында аларда социалдык жиктелүү башталган. Уруу союздары түзүлүп, колунда байлык топтолгон уруу башчылары, айрымдарын­да король бийлиги болгон. Королду уруунун эркин мүчөлөрү шайлашкан ж-а анын бийли­гин эл чогулушу м-н аксакалдар кеңеши чектей алган. 2-3-кылымдарда өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү уруу­чулук түзүлүштүн акырындап бузулушуна алып келген. Эл чогулушунун мааниси төмөндөп, мамлекеттик бийликтин белгилери пайда болгон. Бул процессти Байыркы германдардын Рим империясы м-н болгон тыгыз байланышы да тездеткен. 4-6-кылымдарда алар Элдердин Улуу көчүндө маанилүү роль ойногон. Батыш Рим империясынын бир топ жерин басып алышкан ж-а анын натыйжасында ал аймакта вестготтордун, вандалдардын, остготтор­дун, бургундардын, франктардын, лангобарддар­дын королдуктары түзүлгөн. Герман уруулары азыркы кездеги батыш европалык элдердин (немец, швед, даниялыктардын ж. б.) калыптаны­шына негиз болгон. Европанын көп эли герман тилдеринде сүйлөгөн. Б. з. 1-кылымында эле Байыркы германдардын өз жазуусу болгон.