БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кен казып алуу, металл эритүү ж-а тиричиликке керектүү буюм­дарды жасоону өзүнө камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден эле чарбанын негизги тар­магынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамилеге да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы ж-а өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруулардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчү­лүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири боюнча Кыргызстанда тоо кен өндүрүшү мустье доору­нан башталган. Байыркы адамдар таштын са­паттуу тектерин атайын издеп таап, курал жа­сашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы - устаканалары орун алган. Мындай ус­таканалар Түштүк Кыргызстандын Капчыгай, Юрташ­сай деген жерлеринен табылган. Бир тектүү, курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынан миңдеген жылдар бою пайдаланылган. Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8-6-миң, күмүш ж-а коргошунду колдонуу 7-6-миң, алтынды пай­далануу б. з. ч. 5-миң, колону колдонуу б. з. ч. 4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез м-н калайдын куймасынан колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүп, ан­дан калыпка куюу жолу м-н сапаттуу эмгек ку­ралдарын жасашкан. Коло буюмдар чарбачы­лыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун да­лилдеген. Мындай археологиялык өзгөчөлүк «Жети-Суу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст мад­аниятында коло күзгү, орок куя турган таш калып­тар ж-а курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кыргызстанда ба­йыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сары-Жаздагы Ат-Жайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер ырастайт. Ба­йыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштет­кен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таш-Төбө көрүстөнүнөн табылган алтын жергиликтүү алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунда Кыргызстанда­гы тоокен байлыктарын казуу кыйла өздөштү­рүлгөн. Археологиялык маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кенде­ри иштетилгендиги жөнүндө даректүү кабарларды берет. 9-10-кылымдардагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жаса­лып, түрктөргө сатышкан. 10-12-кылымдарга таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы шаарына жакын жердеги Сары-Булуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштети­лиши Жумгал жергесиндеги орто кылымдарга таандык Түгөл-Сай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычы турган жердеги Садыр Коргон шаар калдыгынан 9- 12-кылымдарга тиешелүү 70тен ашуун кен казган жер­лердин орду табылган. Бул жерде биринчи ке­зекте күмүш казылып алынган. Кыргызстанда металл өндүрүшүнө байланыштуу жер-суу аталыштары арбын кездешет.

Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времён. Ф., 1984. Т. I.

К. Табалдиев.