БАЙЫРКЫ УЙГУР ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЫРКЫ УЙГУР ЖАЗУУСУ - байыркы ор­хон-енисей жазуусунун негизинде түзүлгөн ташка чегип жазууга ылайыктуу рун жазуусу (Селенга дарыясынын боюнан табылган байыркы эстеликтер). Байыркы уйгур жазуусу арамей жазуусунун негизинде өнүккөн согда жазуу системасын өздөштүрүү аркылуу түзүлгөн. Жазуу жогортон төмөн карай жазылган. Байыркы уйгур жазуусунда манихей ж-а будда диний адабияттарынын котормолору, чарбалык, укук­тук документтеринин үлгүлөрү сакталып калган.