БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Белгилүү чуст бычактары

БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ. Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү жана андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Фергананын Тентек-Сай, Капыр-Рават, Төө-Моюн деген жерлеринен жез алынган. Болжолу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түштүк этегинен, Гава дарыясынын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жак­шы шарт түзгөн. Чуст жана Дальверзин эстелик­теринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдал­ган таш калып табылган. Чуст маданиятына таан­дык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. Ошондой эле калай, мышьяк кошулган буюм­дар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак жана башкалар), согуш­тук куралдар (найзанын башы, жаанын жебе­си), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жар­гылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, ошондой эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылма­лоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чок­мордун башы катары колдонулуучу таштар табылган.

К. Табалдиев.