БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЕВ Ашырбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айы­лы) - генерал-майор (2000). 1970-жылы СССР ИИМдин Оржоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамлекеттик педагогикалык институтунун филоло­гия факультетин (1985), КУУнун юридика факультетин (1999) бүт­көн. 1975-95-жылдарда Алматы шаарында взвод командири, баш­кы полктун командири, Ка­закстандын ички аскерлер штабынын начальнигинин орун басары ж-а республикалык гвар­диясынын аскердик күжүр­мөн даярдык бөлүмүнүн на-

чальниги. Афганистанда революцияны коргоо башкы башкармалыгынын атайын ж-а ыкчам аскер бөлүктөрүнүн улук аскер кеңешчиси бол­гон. 1995-97-жылдарда КР ИИМдин ички аскерлер ко­мандачысынын 1-орун басары - штаб начальни­ги, 1997-99-жылдарда Ош, Жалал-Абад облустарында аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданы уюштурган ж-а анын командири, 1999-жылдан КР ИИМдин ички аскерлер командачысы. 1999-жылы ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында террорчуларга каршы согуштук аракеттерде күжүрмөндүгү м-н айырмаланган. Бакаев- көптөгөн макала, моногра­фиялардын ж-а КРдин Куралдуу Күчтөрүндө пай­даланылып жаткан 100дөн ашык аскердик тер­миндердин автору. «СССР Куралдуу Күчтөрүндө Ата мекенге кызмат кылгандыгы үчүн» 1-, 2-, 3-даражадагы, Афганстандын 1-даражадагы Алтын жылдыз, Россиянын «Ата мекен алдындагы сиңирген эмгеги үчүн», 1-даражадагы «Улуу Пётр» ордендери ж-а медалдар, Эрдик медалы м-н сыйланган. КРдин Өкмөтүнүн Алтын дипломунун лауреаты (2003).