БАКАЙ-АТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЙ-АТА (1992-жылга чейин Ленинполь) - Талас облусундагы кыштак. Бакай-Ата районунун жана аты окшош айыл өкмөтүнүн борбору. Талас - Тараз (Казакстан) автомобиль жолунан 8 км түштүктө жайгашкан. Облустун борбору Талас шаарынан 32 км түштүк-ба­тыш тарапта. Жам­был темир жол бекети­нен (Казакстан) 90 км. Кыштак 1882-жылы жа­наша жайгашкан Гне­денфельд, Гнаденталь, Кененненталь жана Ни­колайполь айылда­рынын кошулушунан пайда болгон. Деңиз деңгээлинен 1149 м бийик­тикте. Калкы 8270 (2022); негизинен мал-чарбасында жана дый­канчылыкта эмгекте­нет. Үч орто мектеп, 2 бала бакча, оорукана, дарыкана, маданият үйү, балдардын психо­неврологиялык жатак музыкалык мектеп-интерна­ты, чакан дүкөндөр, кафе-барлар бар. Кыш­такка жакын жерден акиташ кени чыгат. Улуу Ата Мекендик согушта курман бол­гондорго эстелик тур­гузулган. Бакай-Атанын план­далган түзүлүшүнө немистик шаар куруу мү­нөздүү; көчөлөрү түптүз, чатырлары тик. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры К. Г. Роденко туулган.